Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда каттоодон өтө элек мечиттер боюнча кезектеги жыйын өттү

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков каттоодон өтө элек мечиттердин документ иштерин жандандыруу максатында Базар-Коргон районунун имамдары менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чарага облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков, казыяттын мечиттер адиси Арпидин Жороев, Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби Абдулазиз Закиров, райондогу каттоодон өтө элек мечиттердин имамдары жана архитектура кызматынын өкүлү катышты.

Нематулла ажы Жээнбеков маселе жаратып жаткан мечиттерди тез аранын ичинде документтештирүү керек экенин баса белгиледи. Ошондой эле мечиттерди каттоодон өткөрүүдө имамдардын тиешелүү кызматтар менен тыгыз иш алып барышы керектигин билдирди.

Ал эми Жалал-Абад облустук казыяттын мечиттер боюнча адиси Арпидин ажы Жороев менен Базар-Коргон райондук архитектура кызматынын өкүлү Самаган Саиткулов имамдарга документтердеги мүчүлүштүктөр жана аны жоюу боюнча маалымат беришти.

Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбековдун имамдар менен болгон жолугушуусу андан ары Ноокен районунда уланды.

Облус казысынын жолугушуудагы көтөрүп жаткан маселесин колдоо максатында Ноокен районунун акими Таалай Ишенбеков баштаган айыл аймак башчылары, райондук мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү, архитектура кызматы, райондун баш имам-хатибинин орун басары Мелис ажы Кадырбеков жана мечит имамдары катышты. Жыйында облус казысы каттоодон өтө элек мечиттерди кыска убакыттын ичинде документтештирүү иштерин аягына чыгарууну талап кылды.