Нематулла ажы Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы эсептик каттоодон өтпөгөн мечиттерди каттоону бир жума ичинде жылдыруу талабын койду

Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков менен жолугушуп, райондун аймагындагы мамлекеттик каттоодон өтө элек мечиттердин маселесин талкуулады. Талкууда мечиттерди документтештирүүгө байланышкан архитектуралык маселелер ортого салынып, диний объектилерди каттоодон өткөрүүдө мамлекеттик каттоо жана архитектура кызматы тарабынан жаралып жаткан тоскоолдуктарды жоюу жана каттоо иштерин жандандыруу тууралуу сөз болду.

Ага улай эле, облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков Ала-Бука, Чаткал райондорунун баш имам-хатибдери баштаган каттоодон өтө элек мечиттердин имамдары жана жергиликтүү архитектура кызматынын өкүлү менен жолугушту.

“Райондук жетекчилик колкабыш кылып жаткан учурда, каттоодон өтө элек мечиттерди тез арада документтештирүү керек. Мындай шартта да шалаакылык мамиле боло турган болсо, район хатибдерине чара көрүлөт”, – деди Нематулла ажы Жээнбеков.

Облус казысы ошондой эле райондордун баш имам-хатибдеринин мечиттерди каттоодон өткөрүү боюнча жүргүзүп жаткан документтерин жеринде текшерип, андагы мүчүлүштүктөрдү тез арада жоюу боюнча талап койду. Ал эми документ иштерин туура жана так бүткөрүү боюнча облустук казыяттын мечиттер адиси Арпидин ажы Жороев маалымат берди.

Жыйын соңунда Нематулла ажы Жээнбеков Аксы районунун баш имам-хатиби Мырзабек Абдыкалыковго, Ала-Бука районунун баш имам-хатиби Шумкарбек Чыналиевге жана Чаткал районунун баш имам-хатиби Кубанычбек Токоновдорго мечиттерди эсептен өткөрүү иштерин бир апта ичинде бүткөрүүсүн талап кылды.