Жети-Өгүздүн баш имам-хатиби имамдарга жыйын өткөрүп, мечиттердин жылуулугун камсыздоо боюнча тапшырма берди

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында райондук имамдардын катышуусунда жыйын болуп, баш имам-хатиб Талантбек Акылбек уулу жаштарга улууну урматтап, кичүүнү ызаттоону үйрөтүү зарылдыгын белгиледи.  

«Ынтымак бар жерде ырыс бар» демекчи, келечек ээлерин араздашуудан, улуттар аралык бөлүнүп-жарылуудан алыс болууга үгүттөп, адеп-ахлактуулукка, ынтымакка, биримдикке чакыралы», – деп билдирди өз сөзүндө Талантбек Акылбек уулу.

Мындан сырткары, райондогу мечиттердин каттоосун тездетүү, алардын жылуулугун, тазалыгын кароо ар бир имамга тапшырылды.