Кумарбек Орозалиев Чолпон жана Чоң-Туз айылдарындагы мектеп окуучуларын сапаттуу билим алууга чакырды

Нарын облусунун казысынын орун басары Кумарбек Орозалиевдин Кочкор районундагы Чолпон жана Чоң-Туз айылдарындагы мектеп окуучулары менен жолугушуусу болуп өттү. Саамалыкка мектеп мугалимдери жана окуучулар катышты. Жолугушууда жаштарга адеп-ахлак, илим менен ыйманды бирге алып жүрүү зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары өспүрүм балдар арасындагы рэкетчиликтин терс жактары боюнча насаат айтылды. Бирөөнүн буюму бирөөгө адал эмес экенин айткан Кумарбек Орозалиев жаштарды татыктуу билим алууга чакырды:

«Алтындай убактыңарды бошко учуруп албагыла. Ушундай маалда акылыңарды билимге, жан дүйнөңөрдү ыйман менен адеп-ахлакка толтуруп алгыла. Бул күндөр да өтөт кетет, кайра келбейт. Кийин убакыттын өтүшү менен бармак тиштеп өкүнүчтө калбагыла. Билеги күчтүү бирди жыга турган болсо, эртең билими күчтүү миңди жыгат».