Лейлекте эски мечиттин ордуна жаңы мечит курулуп, салатанттуу түрдө ачылды

Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Лейлек айылында эски мечиттин ордуна заманбап үлгүдө курулган “Лейлек” атындагы мечитинин ачылуу аземи болуп өттү. Ачылыш аземине Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров, казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов, Баткен облусунун үгүт-насаат адиси Саидакмат ажы Аппазов, Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов жана районун тургундары катышты.

«Мечиттер адамдын адеп-ахлагын, кулк-мүнөзүн оңдоочу, тарбия берүүчү жай. Мечитке келген мусулмандар жараткандын алдында бай же кедей экендигине, түсүнө, улутуна карбастан бирдей болуп саналат. Ошондуктан мечиттер элдердин ынтымагын, улуттардын арасындагы достукту бекемдей турган жай катары болуусу керек», – деген Нуридин ажы Мамасабиров жергиликтүү элди мечитти ар дайым жандандырып турууга чакырды.

 “Лейлек” мечитинин ачылуу аземине келген коноктор мечиттин жакшылыкты үйрөнүп, жамандыктан арылуучу, ынтымакты бекемдөөчү, эң негизгиси амал үзүлбөгөн жайлардан болушуна тилектеш экендигин айтышты. Мечиттин ачылуу аземинин соңунда облус казысы жалпы өлкө үчүн дуба кылды.

Белгилей кетсек, буга чейинки эски мечит 150 кишилик болсо, жаңы мечит 400 орунга ылайыкташкан. Аны курууга алты ай убакыт кеткен.