Кызыл-Кыяда жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышы болуп өттү

Кызыл-Кыя шаарынын борбордук «Мураталы ажы Жуманов» атындагы мечитте 8 жаштан 12 жашка чейинки балдар арасында Куран жарышы болуп өттү. Кызыл-Кыя шаардык хатибияты жана «Адеп Башаты» фонду биргеликте уюштурган сынакка дин кызматкерлери жана тургундар катышты.

«Балага Куран үйрөт, Куран ага баарын үйрөтөт» демекчи, келечек муунду ыймандуулукка, адептүүлүккө чакыруу менен Куран үйрөтүүгө кызыктыруу максатында аталган иш-чара уюштурулду», – дейт Нийматилла ажы Топчиев

Жарышка 100 бала катышып, ар бир катышуучуга кызыктыруучу белектер берилды. Ал эми алдыңкы 12 балага баалуу белектер жана грамоталар тапшырылды.