Ош облусунда мечиттердин эсепттик каттоосу боюнча жыйын болуп, айрым баш имам-хатибдерге оозеки эскертүүлөр берилди

Кечээ, 5-декабрь күнү Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев аймактагы баш имам-хатибдерге жыйын өттү. Ага казыят кызматкерлери, райондун баш имам-хатибдери, хатибияттын жооптуу адистери, КР ДИМК ТАБнын өкүлү Фуркатбек Адилбек уулу жана Ош облусунун регионалдык архитектурасынын бөлүм башчысы Кулназар Жутанов катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Азрети Муфийдин №331 буйругуна ылайык, эсептик каттоодон өтпөгөн мечиттерди каттоо маселеси каралып, ал боюнча кандай иш аракеттер жүргүзүлгөндүгү туурасында маалыматтар айтылды. Андан соң каттоо иштериндеги көйгөй жараткан маселелер боюнча суроолорго атайын адис Кулназар Жутанов тарабынан жооптор берилип, кээ бир баш имам-хатибдерге оозеки каттуу эскертүүлөр берилди.

“Мечиттерди каттоо боюнча ДИМК башкы архитектура менен сүйлөшүп, ишти алда канча жеңилдетип берди. Бул маселе боюнча облус жетекчиси Зиядин Исламович иштин жүрүшүн өз көзөмөлүнө алып, жакындан жардам берүүдө. Аны менен бирге бул иштерде көмөк көрсөткөн президенттин Оштогу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоевге ыраазычылык билдиришибиз керек. Урматтуу баш имам-хатибдер бардык тараптан жетиштүү жардамдар берилип жатат. Эми сиздер ушул иште талыкпай, эринбей кызмат кылып бериңиздер. Чындыгында бүгүнкү чогулушубузда катуу талкуулар жана кээ бириңиздерге карата ачуу чындыктар айтылды. Бул аракеттерибиздин баары Алла үчүн”, – деп билдирди Сайдамир ажы.