Ыйык Куранды толук жаттаган лейлектик 10 жаштагы өспүрүмгө хатибияттын сыйлыгы тапшырылды

Баткен облусунун Лейлек районундагы Лейлек айылынын жаш тургуну Анас Гапаралиевге Лейлек районунун баш имам-хатибинин атайын сертификаты тапшырылды. Сыйлыкты “Лейлек” мечитинин ачылыш аземинде Лейлек районун Кулунду айылындагы “Таир” медресесинин мурунку мүдүрү, дин аалымы  Ибрахим ажы Кадыров тапшырды.

Анас Гапаралиев 10 жашта болгонуна карабай, 2 жыл 6 айда 30 пара Куранды толук жаттап бүтүргөн. Ошондуктан ага кызыктыруу максатында Лейлек райондук хатибиятынын атынан атайын белек ыйгаруу чечими кабыл алынган.

“Эгер кимде-ким Куран жаттаган болсо, акыретте анын ата-энесине алтын таажы кийгизилет. Бүгүн ушул баланын ата-энеси эң бактылуу инсандардан болду. Ушундай жаш балдар көбөйө берсин. Алган илимине Аллахым береке берсин. Ар дайым тилинен, дилинен Куран түшпөсүн. Куран нуру менен ар дайым нурданып жүрө берсин”, – деди Сейитбек ажы Полотов.