Баткен районунун Чоң-Кара айылына бир нече социалдык объектилер курулат

Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара айылында бир канча социалдык объектилердин курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Ага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж. Исаков, Баткен районунун акими У. Жоробаев, Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусов, тийиштүү райондук мекеме ишканалардын жетекчилери, аксакалдар жана айыл тургундары катышты.

Бул социалдык объектилер Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын Президенти Мухаммад Мады мырза тарабынан каржыланып курулат.

Белгилей кетсек, аталган  айылга мечит, ФАП, балдар бакчасы, дүкөн курулат. Бул курулуштар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун аймактарды өнүктүрүү программасынын негизинде ишке ашырылып жатат.