Талас райондук хатибиятынын кеңсесинин ачылыш аземи болду (фото)

Талас райондук хатибияты мечити менен толук бүткөрүлүп, ачылыш аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев, Талас районунун акиминин орун басары Адилет Жолдошов, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун жетекчиси Батырбек Качкымбаев, айыл аксакалдары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Сулумбек ажы Узеналиев Талас районунун жалпы имамдарын жана райондун баш имам-хатиби Райымберди Өмүралиевди хатибияттын кеңсеси менен куттуктап, «Мынаке, буйруса Талас районунун хатибияты бүтүп, ишке берилип жатат. Имамдардын жыйындары, окуулары ушул жерде уюштурулуп, чечимдери ушул жерде кабыл алынат. Кара-Суу айылынын тургундарынын бири жерин берип, бири куруп, бири үстүн жаап, айтор үлкөн жардам бердиңиздер. Негизи эле ким кандай жардам берген болсо, анын баарын Аллахым кабыл кылсын», – деп дуба кылып, хатибиятка компьютер белек кылды.

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун жетекчиси Батырбек Качкымбаев хатибияттын ишмердүүлүгүнө ийгилик каалап, 125 миң сомдук компютер, ноутбук жана атайын сертификат тапшырды.