Баткен районунда окуучулар арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жолугушуулар өткөрүлүүдө

Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусов Ш.Токсонов атындагы орто мектебинин 9-10-11-класстарынын окуучулары менен жолугуп, жаш өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу планынын алкагында лекция окуду.

Жолугушууда мектеп окуучуларына кылмыштуулукка, зордук-зомбулукка чакырган терс көрүнүштөрдөн алыс болуу менен бирге билим алууга өзгөчө көңүл бөлүү керектигине басым жасалды.

“Дүйнөдө эки түрдүү адамдар бар экен. Биринчиси, өзүнөн тарбия алып жаткан балдары жакшы болсо деген ата-эне болсо, экинчиси өзүнүн билгенин окутуп, билим берип жаткан мугалим экен. Ата-эне уулум, кызым жакшы адам болсун деп ар дайым аракет кылып, өзү жебеген тамакты, өзү кийбеген кийимди балдарына алып берет. Ата-эненин ошол жакшы үмүтүн актоо үчүн жакшы жүрүм-турумга ээ болуу менен терең билим алууңар керек. Адамда үч нерсе кайра кайтып келбейт; атылган ок, айтылган сөз, кеткен убакыт. Жаш кездеги убакыт окуп алуу үчүн, билим алуу үчүн берилет. Ошондуктан ата-энеге, Мекенге кызмат кылуу үчүн билим алууга астейдил көңүл бургула”, – деди Абдурашид ажы Юнусов.