Нарын районундагы кооптуу делген мечиттер текшерилип, жараксыз объектилерге корутунду чыгарылат

Нарын облусундагы мечиттердин каттоо иштерин тездетүү максатында Нарын районундагы кооптуу делген Алыш, Ак-Булуң жана Жан-Булак айылдарынын мечиттери жеринде текшерилди. Текшерүүгө казынын орун басары Кумарбек Орозалиев, Нарын районунун баш имам-хатиби Рустам Чыров жана Нарын облусундагы имараттардын техникалык абалын изилдөө боюнча инженери Асанбек Жанаев барды.

Комиссия мечиттердин ички-тышкы техникалык абалына байкоо жүргүзүп, жарактуу-жараксыздыгын, кооптуулук-коопсуздугун аныкташты. Анын негизинде жакын арада мечиттердин техникалык абалы боюнча корутунду чыгарылмакчы.

Эскерте кетсек, Нарын району боюнча жалпы 39 мечиттин 30 мечити каттоодон өткөн болсо, анын 6 мечити каттоодон өткөрүү үчүн документтери даярдалууда. Ал эми жарандар үчүн кооптуу делип жаткан 3 мечиттин корутундусу күтүлүп жатат.