Жунус ажы Исмаилов шаардык архитектура башкармалагынын башчысы менен жолугушту

Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов шаардык архитектура башкармалагынын башчысы Бакытбек Байжигитов менен жолугушту. Жолугушууда калаадагы архитектуралык маселелерге байланыштуу каттоодон өтө элек мечиттердин документ иштерин тез арада бүткөрүү сүйлөшүлдү.

Шаардын баш имам-хатибинин аталган маселени биргеликте аракеттенип, жыл этегине чейин каттоодон өткөрүүнү сунуш кылды. Жалал-Абад шаарынын архитектура кызматы көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Эскерте кетсек, калаа аймагында мамлекеттик каттоодон өтө элек алты мечит бар.