Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылындагы жума мечити 3 миллион сомго оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылындагы жума мечити толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Облус казысы Сулумбек ажы Узеналиевге курулуш иштерин жеринде тааныштырган имам-хатиб Мирбек Жолдошбеков буларга токтолду:  

«Мечиттин Өзгөрүш айылына салынып калышына биздин мурдагы казы Таалайбек ажы Бапиевдин эмгеги зор. Мечит кыйла чоң болуп, аянты 600 м2 түзөт. Көрүп тураныңыздардай, бардык терезелерин алмаштырып, бир өңдөгү жаңы килем төшөдүк. Убагында дааратканасы салынып бүтпөй калган экен. Башынан жаңылап, душ жана башка шарттары менен бүткөрүп алдык. Ал эми медресе ным тартып, колдонулбай калган болчу. Баарын кайрадан жаңыртып жасадык. Азыр айылдын балдары келип сабак окуп турушат.

Мирбек Жолдошбеков курулуш иштери айыл элинин ынтымагы менен уюшулганын, орозо учурунда ооз ачарга ылайыктап очоккана жана тамактана турган жай жасалганын, ремонттоого жалпысынан 3 миллион сомдон ашык каражат жумшалганын кошумчалады.

Имам-хатибдин билдиришинче, жума мечитти медресеси менен кошо салууга 1988-жылдын 28-июнунда Москвадан уруксат берилип, 1989-жылы курула баштаган. Мечит жалпы Талас облусунун жана жергиликтүү элдин салымы менен курулуп, 1991-жылы бүткөрүлгөн. Ошентип Талас облусунун аймагындагы СССР убагында салынган алгачкы мечит болуп калган. 1993-жылдарга чейин Молдо Надыр ажы Асамудинов ушул жерде балдарды окутуп, кийинчерээк медресени Таласка көчүрүп кеткен.