Ош шаарында «Коркпо, «Токто», «Жаша» деген өнөктүктүн алкагында жолугушуу өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Зордук-зомбулукту алдын алуу жана ага каршы күрөшүү” деген аталышта жолугушуу болуп, ага «Эрдем» мечитинин имам хатиби Мунарбек ажы Акматов катышып, темага байланыштуу баяндама жасады.

«Ислам дини адам укуктарын коргогонду, үй-бүлө баалуулуктарын сактоону, аялзатын сыйлап-урматтаганды үйрөтөт. Динибиз жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарат», – деди Мунарбек ажы Акматов.

Иш-чара КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты тарабынан жарыяланган «Коркпо, «Токто», «Жаша» деген  өнөктүктүн алкагында уюштурулуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тиешелүү мекемелердин адистери, окутуучулар жана студенттер катышты.

Ошондой эле, ОшМПУнун ректору, профессор Бекмурза Зулуев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев,  КРнын ИИМдин алдындагы Республикалык окуу борборунун Ош шаарындагы филиалынын улук окутуучусу, милициянын майору Лилия Хафизова, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Чыңгыз Зулпукар уулу, ОшМПУнун “Психо-диагностика” борборунун башчысы Мавлюда Ысакова аталган теманын алкагында өз тармактары боюнча баяндамаларын жасашып, видеотасмалар көрсөтүлдү.

Иш-чара суроо-жооп жана кызуу талкуу менен коштолуп, студенттер пикирлерин ортого салышты. Жыйынтыгында адистер жана жетекчилик ар бир суроого жооп берип, бул сыяктуу өнөктүктөр мындан ары да тынымсыз уюштуруларын белгилешти.