Борбор калаадагы имамдарга жол коопсуздугу боюнча жыйын өтүп, бул багытта түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматов борбор калаадагы жалпы имамдарга жол коопсуздугу боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Тилек Исаев жана  ЖККБ кызматкерлери катышты.

Тилек Исаевдин айтымында, акыркы кездерде үрөй учурган жол кырсыктары ар бир кыргызстандыктын жүрөк үшүн алып келет. Сак болуу абзел экенин айткан ал өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду:

«Жол коопсуздук эрежелерин элге жеткирүүдө жана түшүндүрүүдө бирге иш алып барсак деген өтүнүч менен келип олтурабыз. Анткени эл сиздердин кайрылууңуздарды бат кабыл алат. Ошондуктан мечитке келген жарандарга жума баяндарда түшүндүрүп берсеңиздер».

Жыйын сонунда шаар казысы Шакир ажы Маматов имамдарга бир катар тапшырмаларды берип, жума баяндарда «Адам жаны – аманат» темасында жол коопсуздук эрежелерин, унааны туура токтотуу эрежелерин түшүндүрүү менен бирге ЖККБ кызматкерлерине көмөк көрсөтөрүн билдирди.