Таласта «Коомчулукта радикалдашууну жана эктремизмдин алдын алууда мамлекеттик органдар менен иштөөнун теоретикалык жана практикалык негиздери» аттуу семинар өткөрүлдү

Талас шаарында «Коомчулукта радикалдашууну жана эктремизмдин алдын алууда мамлекеттик органдар менен иштөөнун теоретикалык жана практикалык негиздери» аттуу темада семинар болуп өттү. Экстремизм жана терроризмге каршы туруу максатында КР облустарындагы Үгүт бригадасынын жана коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрү тарабынан уюштурулган семинарга райондук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, облус казысы, райондун баш имам-хатиби жана Талас шаарынын имамдары катышты.

«КР аймагында тыюу салынган секталар жана диний уюмдарынын интернет желесинде 500дөн ашуун ссылкалары жана сот тарабынан колдонууга, таратууга тыюу салынган материалдары бар. Бул маалыматтарды көпчүлүк билбей, социалдык тармактардан бөлүшүп же «жактыны» басса мыйзам алдында жооп берет», – деди КР ИИМнин ЭММКАКнын кызматкери, милициянын полковниги Манас Аманбаев.

Семинарда «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фордунун өкүлү Роберт Абазбеков да экстремизмдин мүнөздөрү, келип чыгуу факторлору жана кесепеттери боюнча маалымат берди.