Ош шаарында алгачкы жолу диний окуу жайлар арасында «Спорт жана достук» аталышындагы мелдеш уюштурулду

Ош шаарында жайгашкан «Умму Мухаммад» медресеси алгачкы жолу түштүк жергесинде диний окуу жайлар жана мекемелер арасында волейбол менен кичи футболдон өткөрмө кубок уюштурду.

Мелдеш Ош шаарындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин
спорттук залында өтүп, ага 8 диний окуу жай жана Ош шаардык казыят жамааты катышты.

Мелдешти «Умму Мухаммад» медресесинин мүдүрү Кутманбек ажы Орунбаев ачып, Ыйык Куран окулуп, Кыргыз Республикасынын Гимни жаңырды.

Саамалыкка катышкан Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Ысакбай Мурзабеков, Ош шаарынынын мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучу Мирланбек ажы Токтомушев катышуучуларга ийгилик каалашты.

Мелдештин жыйынтыгында:
Волейбол боюнча:
1 — орун «Апиза эне» ислам институту;
2 — орун «Абдурахман ибни Ауф» медресеси;
3 — орун «Сулайман-Тоо» медресеси.

Футбол боюнча:
1 — орун «Абдурахман ибни Ауф» медресеси;
2 — орун «Абдыжапар» ислам институту;
3 — орунду «Апиза эне» ислам институту ээледи.
Мыкты оюнчуларга сыйлыктар берилип, спорттук иш-чараны жазда өткөрүп берүүнү «Абдурахман ибни Ауф» медресесине тапшырды.