Кара-Булакта айыл тургунунун демилгеси менен Куран жарышы өткөрүлдү

Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Булак айылында жаштар арасында Куран окуу боюнча жарыш өттү. Айылдын жашоочусу Абдурашид ажы Орозбаев уюштурган сынакка облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров баштаган дин кызматкерлери жана тургундар катышып, Куран үйрөнүүнүн пайдалары тууралуу аят, хадистер баяндалды.

Куран жарыштын соңунда 1-2-3-орундарга ээ болгон жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга уюштуруучу тарабынан атайын белектер берилди.

Айыл жашоочусу Абдурашид ажы Орозбаев Куран жарышын квартал сайын уюштуруп турууну колго алып, демөөрчү катары улантып туруу ниетин билдирди.