Баткен районунда жеке ишкер тарабынан курулган мечиттин ачылыш аземи болуп өттү

Баткен облусунун Баткен районунда жергиликтүү жеке ишкер тарабынан курулган мечиттин ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш аземге Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров, орун басары Муса ажы Жолдошов, казыяттын үгүт-насаат жана билим берүү адиси Саидакмат ажы Аппазов, Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусов жана айыл тургундары катышты.

«Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) хадисинде айтылгандай, «Жамаат менен окулган намаздын сообу, жалгыз окулган намаздын сообунан жыйырма жети эсе көбүрөөк. Андыктан мечиттин ичи жамаатка толсун», – деди облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров.

Мечиттин ачылыш аземине келген коноктор мечиттин жакшылыкты үйрөнүп, жамандыктан арылтуучу, ынтымакты бекемдөөчү, эң негизгиси амал үзүлбөгөн жайлардан болушуна тилектеш экендигин айтышты.

«Эсен кожо» атындагы мечит айылдагы жеке ишкер Назиров Бакытбектин демөөрчүлүгү менен 150 кишиге ылайыкталып салынган.