Муса ажы Жолдошов: «Адамдарга көбүрөөк пайдасы тийген адам – жакшы адам»

Баткен облусунун казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов Баткен шаарындагы “Муьаз ибн Жабал” медресесинин студенттери менен жолугушуп, илим алуунун пазилеттери жана такыбалык темасында лекция өттү.

«Кайсы адам жакшы адам деп суралганда, пайгамбарыбыз: “Адамдарга көбүрөөк пайдасы тийген адам”, деп жооп берген. Демек илимдүүлөрдүн адамдарга көп пайдасы тиет. Алла Таала Куранда, “Кимде-ким Аллага такыбалык кылса, Ал ага (дүйнө жана акырет кыйынчылыктарынан) чыгып кетүүчү жол ачат жана ага ал күтпөгөн (ойлобогон) тараптан ырыскы берет”  деп айткан. Андыктан такыба болууга аракет кылалы”, – деди Муса ажы.