Лейлектин баш имам-хатиби Калымкул молдону зыярат кылды

Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов Лейлек районунун илимдүү молдолорунун бири, 30 жылдан бери дин кызматын аркалап келе жаткан Калымкул ажы Калыкуловду (Сабыр молдо) зыярат кылды. Анын алкагында дин ишмердүүлүгү туурасында маектешип, өздүк китепканасы менен таанышты.

“Ар дайым сиздей илимдүү молдолордон кеп-кеңеш алып, тажрыйбасы менен бөлүшүп турушубуз зарыл. Сиздер биздин жол көрсөткөн устазыбыз, кутубуз болгондуктан, сиздерди батаңыздар менен ишибиз ийгиликтүү болот”, – деди.

Калымкул молдо Калыкулов 1952-жылы 23-июлда Баткен облусунун Сүлүктү шаарында  жарык дүйнөгө келген. №3 Макаренко мектебинде билим алган ал 1978-жылы Ташкенттеги педогогикалык техникумду бүтүргөн. Андан соң 1990-жылдары Лейлектин жергиликтүү илимдүү молдолорунан болгон Асан молдо Зулкарнайн сыяктуу аалымдардан сарф, нахви боюнча сабак алса, Кудайкул молдо, Малик молдолордон “Мухтасар”, “Мишкат” китептерин окуп бүтүргөн.

Ал 30 жылдан бери Лейлек районунун Кара-Булак айылында имамдык милдетти аткарып келет. Бир канча жолу хатибияттын ыраазычылык каты менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, 2 кыз 4 уулдун атасы.

Сейитбек ажы Полотовдун айтымында, Калымкул молдо үйүн китепканага айлантып алган. Анда миңден ашуун диний китептер бар.