«Ю.Гагарин» атындагы мектепте чек ара жаңжалдарында курман болгон Бекзодбек Юлдашев атындагы класс ачылды

Лейлек районунун «Ю.Гагарин» атындагы орто мектебинде чек арачы Бекзодбек Юлдашев атындагы класс ачылды. Иш-чарага Лейлек районунун баш имам-хатибинин орун басары Абдилашим Ормонов, райондук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Лейлек районунун аскер кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана мектеп жамааты катышты.

Классты ачуу аземинде Лейлек районунун баш имам-хатибинин орун басары Абдилашим Ормонов төмөнкүлөргө токтолду:

“Пайгамбарыбыз өзүнүн хадисинде айткан “Мекенди сүйүү ыймандан” деп айткан. Бекзодбек өз мекенин сүйгөн жоокер эле. Ал өз милдетин так аткарып жаткан жеринен каза болгон. Ушундай чек арачыларыбыз менен биз ар дайым сыймыктанабыз. Аллахым Бекзодбектин жашабай калган өмүрүн балдары, кыздарына берсин”.

Ормонов чек арачынын ата-энесине бекем сабыр тилеп, баатырдын ата-энеси болуу сыймык экенин кошумчалады.

Андан соң  Куран окулуп, сообу Бекзодбек Юлдашев жана чек арада курман болгондорго багышталды.

Бекзодбек Юлдашев 1990-жылы 11-майда Исфана шаарында туулган. 1996-жылы Ю.Гагарин орто мектебине 1-класска кирген. 2004-жылы 8-классты аяктап, Бишкек  шаарындагы Советтер Союзунун баатыры Дайыр Асанов атындагы кыргыз улуттук аскер лицейине тапшырган. 2007-жылы окууну ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы Ош шаарындагы №36-806 аскер бөлүгүндө атуулдук милдетин өтөп келген.

Ал 2021-жылы 29-апрелинде №2022 аскер бөлүгүндө майор Б.Раимбеков атындагы «Капчыгай» чек ара бекетинин «Ак-Сай» чек ара постунун 0,7 га жергилигинде Тажикстан Республикасы менен чектешкен чек арасында (шарттуу чек ара тилкеде) кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда күжүрмөн техникалары менен куралдуу атышууда өзүнүн мекен алдындагы милдетин так аткарып жатып курман болгон. 

Мекен чегин коргоп жатып окко учкан Бекзодбек Юлдашевдин артында 2 уул, 1 кызы калды. Бекзодбек Юлдашевке Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык «Эрдик» медалы ыйгарылган (курман болгондон кийин).