Майлуу-Сууда дин кызматкерлеринин катышуусунда тегерек стол болуп өттү

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №3 жана №7 мектептерде «Бактылуу үй-бүлө – өлкөнүн келечеги» аттуу темада тегерек стол уюштурулду. Ага аталган шаардын баш имам-хатиби Абдусатар Эркинбеков, шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер катышты. Катышуучуларга диндеги адал-арам, арактын, баңгизатынын зыяны жана кесепеттери туурасында насааттар айтылды.

Шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери да жаштарга жогоруда белгиленген зыяндуу нерселерден оолак болууга чакырып, мыйзамды сыйлоого үндөдү.