Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы «Абдужапар» ислам институтунун эмгек жамааты менен жолугушту

КМДБнын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов иш сапары менен Ош облусуна барды. Иш сапардын алкагында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Фуркат айылындагы “Абдужапар” ислам институтунун мугалимдери менен жолугушуп, окуу жайдын ишмердилүүгү менен таанышты. Ага Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, казынын орун басары Алибек ажы Жусупов, институттун ректору Нурбек кары Орунбаев жана окуу жайдын эмгек жамааты катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө институттун ишмердүүлүгү, жетишкендиктери жана кемчиликтери туурасында сөз болуп, жетекчилик менен ынтымакта иш алып баруунун зарылдыгы айтылды.

«Ырыс алды ынтымак» деп айтылат элибизде. Ынтымак болгон жерде ар дайым жетишкендиктер, ийгиликтер жана өнүгүү болот. Биз ынтымак менен гана илим-билимди жогорулата алабыз. Баарыңыздар бир окуу жайдын жамааты болгондуктан, бир дене сыяктуу болушуңуздар керек. Кандай гана учур болбосун ынтымак менен иш алып барсаңыздар, окуу жайдын өсүп-өнүгүүсүнө өбөлгө болот. Бул медреседе канчалаган улуу устаздар сабак берип, канчалаган мыктылар ушул жерден илим-билим алышкан. Сиздер да алардын жолун жолдоп, ошондой улуу инсандарды чыгарыңыздар», – деди Бакыт ажы Нурдинов.

Ал эми облус казысы фикх илиминин пазилеттери боюнча сөз кылып, табакат китептери боюнча маалымат берди.