![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2022/12/699f884b-48f2-4fe0-b3dd-547a3798c490.jpg)
Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусов Баткен районунун Кара-Бак айылында жайгашкан «Бото Нарматов» атындагы орто мектебинин окуучулары менен жолугушуу өткөрдү. Ынтымак, биримдик, билимдүү болуу пропаганда кылынган иш-чаранын жүрүшүндө Баткен районунун баш имам-хатиби, мектеп директору жана социалдык педагогдор сөз сүйлөп, учурда тарбияга көбүрөөк көңүл буруу керектиги баса белгиленди.
Абдурашид ажы Юнусов кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган маалыматтар менен бөлүшүп, окуучуларды туура максат коюуга чакырды:
«Ар бир окуучунун максаты,жакшы ниети болуш керек. Ошол ниет окуучуну алдыга жетелейт. Ниет болмоюн, ийгилик жаралбайт. Андыктан бардык окуучуларды жакшы ниет кылууга, чоң максат коюуга чакырам».