Өзгөн районундагы диний объектилердин тазалыгы жана кышка даярдыгы текшерилди

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусурпов, казыяттын бухгалтери Сулайман ажы Шерматов жана Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Өзгөн районуна караштуу жалпы диний окуу жайлардын, мечиттердин кышка карата даярдыгын жана тазалыгын текшерди. Текшерүүнүн жүрүшүндө мечитке келген эл үчүн даарат алууга түзүлгөн шарттарга басым жасоо керектигин айтып, даярдыгы суз жана камылгасы начар мечиттердин имамдарына оозеки эскертүүлөр берилди.

“Пайгамбарыбыздын (с.а.в) куттуу хадисинде “Кыш момундун жазы”  деп айтылат. Диндар элибиз ушул хадиске амал кылып, кыш мезгилинде көбүнесе бош убактысын диний билимин өкүндөтүүгө жумшайт. Мечиттер дин билимин алууда ишеничтүү булак болуп саналат, андыктан элдин динге кызыккан катмары мечиттерге келет. Ушул нерселерди эске алып, жарандардын илим алуусуна шарттарды түзүп берүүбүз керек. Мечит имамдары, сиздер ушул учурлардан пайдаланып мечит жаматына сабак уюштуруп, алардын диний түшүнүктөрүн өзүбүздүн салттуу динибизге ылайык түшүндүрүп, намаз, орозо сыяктуу негизги ибадаттардын туура аткарылышын үйрөтүп калыңыздар”, – деди облус казысынын орун басары.