«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду Талас шаарындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө көмүр таркатты

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду Талас шаарынын борбордук «Ааль-Аль Байт» мечити, «Али ибн Абу Толиб» ислам медресеси жана «Чет тилдер багытындагы» кыздар окуу жайларына, ошондой эле Талас шаарындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө 1.5 тоннадан көмүр таркатты.

Кайрымдуулук иш-чарасына Талас облусунун казысынын орун басары Өмүрзак ажы Абдусамат уулу катышып, аталган фондго ыраазычылык билдирди:

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун Талас облусунун аймагында алгылыктуу иштерди аткарып келе жатышат. Ошону менен бирге Талас облусунун мусулмандар казыятына, мечит-медреселерге да көмөк көрсөтүп келүүдө. Мындан ары да Талас облусунун өнүгүүсүнө салым кошот деген ишеничтебиз. «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун жетекчилигине жана жалпы жамаатына терең ыраазачылык билдиребиз».

Эске сала кетсек, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду Талас облусунун мусулмандарынын казыятына фотоаппарат жана бардык шаймандары менен видеокамера белек кылса, Талас районунун хатибиятына организатордук техникаларды алып берген.