Баткенде мечит имамына «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылды

Баткен шаарындагы «Таква» мечитинин имамы Абдулаким ажы Сейдакматов Дара айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамы менен сыйланды. Бул наам Дара айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI cессиясынын токтомуна ылайык ыйгарылды.

Сыйлыкты Дара айыл өкмөтүнүн башчысы Искендербек Тилеков тапшырып, Абдулаким ажы Сейдакматовду куттуктап, иштерине ийгилик каалады.

Абдулаким ажы Сейдакматов 1964-жылы 5-апрелде Баткен районунун Кайыңды айылында туулган. 1996-жылдан бери Баткен шаарында дин кызматкери катары эмгектенип келет. Ал облус аймагындагы белгилүү молдолордун бири.