Баткен облустук мусулмандарынын казыяты алгылыктуу кызмат көрсөтүп келген мечиттер жана үгүт-насаат адиси Саидакмат ажы Аппазовдун ишмердүүлүгүн баалап, жылдын мыкты казыят кызматкери наамын ыйгарды.
Баткен облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов сыйлыкты тапшырып жатып төмөнкүлөргө токтолду:
«Жыл сайын мыкты кызматкерлерибизди аныктап келебиз. Анткени ак кызмат көрсөтүп келген кызматкерлерибиздин эмгектери бааланышы кажет. Бул жылы Саидакмат ажы казыяттын иштерин жүргүзүүдө өзгөчөлөндү. Мечиттерди эсептик каттооодон өткөрүүдөгү жана эл менен тыгыз иш алып баруудагы эмгектери чоң», – деди Муса ажы Жолдошов.