Ош шаарындагы диний окуу жайлардын кышка даярдыгы текшерилди

Ош шаардык казыяты тарабынан түзүлгөн комиссия калаадагы диний окуу жайлардын кышка карата даярдыктарын жеринен текшерди. Аталган комиссиянын курамына казыят кызматкерлери, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан (ДИМК ТАБ), Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (Ош ШИИБ) жана өрт коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кирген.

Шаардагы «Умму Мухаммад» балдар медресеси, «Сулайман-Тоо» кыздар медресеси, «Сайида Хадича» кыздар медресеси, «Хадича Аль-Кубро» ислам институту жана «Салахуддин Эшан» ислам институту текшерүүдөн өтүп, кышка даярдыктары, жылуулугу, санитардык абалы жана өрт коопсуздугу сыяктуу критерийлер боюнча жакшы экени маалым болду. Өзгөчө жаңыдан ишмердүүлүгүн баштаган «Салахуддин Эшан» ислам институтундагы түзүлгөн шарттар «эң жакшы» деп бааланды.

Ал эми бир окуу жайга өрт коопсуздук сигнализациясынын жоктугунан улам эскертүү берилип, кийинки текшерүүгө чейин жыйынтык чыгаруу милдеттендирилди.

Эскерте кетсек, жогоруда аталган диний окуу жайлардын тазалыгы талаптагыдай болсо, ашкана, даараткана, жатаканасында, окуу бөлмөлөрүндө бардык шарттар түзүлгөнү белгилүү болду.