Талас облусунун казысына Ардактуу атуул наамы ыйгарылды

Бакай-Ата районунун администрациясы район аймагында эл үчүн кызмат кылган инсандарга ыраазычылык барактарын, грамота жана ардак наамдарын тапшырды.

Бакай-Ата айылында өткөн сыйлоо аземине Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев да катышты.

Райондун акими Алгынбай Имаров облус казысынын 2022-жылы аткарган иштерин жогору баалап, Бакай-Ата районунун Ардактуу атуулу наамын ыйгарды.