Муфтият жыл жыйынтыгын чыгарып, бир катар кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды

Бүгүн, 30-декабрь күнү Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин жетекчилиги астында КМДБнын жыл ичиндеги ишмердүүлүгүнө сереп салынып, жетишкендиктер жана айрым кемчиликтер талкууланды. КМДБнын жалпы кызматкерлери катышкан жыйында 2023-жылда аткарылчу иштер боюнча да сөз болуп, 2023-жылдын жума хутбалары бекитилди.

«Быйылкы жыл биз үчүн оор жана татаал жылдардан болуп калды. Ошого карабай командабыз менен диний агартуу иштерине активдүү катышып, элдин диний муктаждыктарын чечүүгө максималдуу аракет жасадык. Биздин негизги максат ушул. Элге моралдык-руханий жактан кызмат кылгандан өткөн дөөлөт барбы?», – деп билдирди Азирети Муфтий.

Жыйында үстүбүздөгү жылы алгылыктуу иш алып барган төрт кызматкер «Муфтияттын мыкты кызматкери» диплому менен сыйланды. Алар:

1) Абибилла ажы Кадырбердиев, Азирети Муфтийдин орун басары;

2) Жолдошбек Абдылдаев, КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы;

3) Абдил-Азиз Чыныбеков, КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн адиси.

Ошондой эле идараны таза таза кармап, жаркыратып турган персоналдык кызматкер Хайринисо Зиеева да муфтияттын атайын сыйлыгына ээ болду.

«Быйыл Муфтияттын бардык бөлүмү жогорку деңгээлде иш алып барды. Биздин ар бир кызматкерибиз мыкты, ар бир адисибиз ардактуу. Мыктылардын арасынан сиздерди тандап, «мыкты кызматкер» деген номинацияны ыйгарууну чечтик. Бул аванс болуп, 2023-жылы мындан да жакшы иштешиңиздерге өбөлгө болсун», – деди Азирети Муфтийдин орун басары Самидин кары Атабаев өз сөзүндө.