Ош облусунун аймагындагы диний окуу жайлардын тазалыгы жана коопсуздугу текшерилди

Ош облусунун аймагындагы диний окуу жайлардын кышка даярдыгы, тазалыгы жана коопсуздугу атайын түзүлгөн комиссия тарабынан текшерилди. Ош облусу тарабынан түзүлгөн комиссияга казыяттын кызматкерлери, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн өкүлү, өрт коопсуздугун алдын алуу бөлүмүнөн атайын адис жана райондун баш имам-хатибдери кирген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө окуу жайдын жылуулугу, тазалыгы жана коопсуздугу каралды.

Ноокат районундагы «Имам ат-Термизий» медресесинин балдар жана кыздар бөлүмүн текшерүүдө «эң жакшы» деген баа берилип, ошол эле райондогу «Атаназар кары» жана «Хамиджан кары» атындагы медреселердин тазалыгы жана коопсуздугу «канааттандырарлык» деп табылган. Ал эми «Накшибандия» медресесин текшерүү учурунда талап кылынган шарттардын айрымдары жок болгондуктан, окуу жайдын жетекчилигине эскертүүлөр берилип, тез аранын ичинде кемчилдиктердин ордун толуктоо тапшырмасы берилди.

Эскерте кетсек, текшерүүнүн жүрүшүндө диний окуу жайлардын ашкана, жатакана, даараткана, сабак өтүүчү бөлмөлөрдүн тазалыгы, коопсуздугу жана түзүлгөн шарттарына баа берилди.