Ноокат районунун баш имам-хатиби райондук архитектура кызматкерлерине ыраазычылык билдирди

Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев 2022-жылы мечиттердин эсептик каттоо иштеринде жакындан жардам көрсөткөн Ноокат райондук архитектурасына ыраазычылык билдирип, анда иштеген бир катар кызматкерлерге хатибияттын Ардак грамоталарын тапшырды.

«Аллах Таала Куран-и Каримде, «Жашылыкта жана такыбалыкта бири-бириңерге көмөктөшкүлө…» – деп айткан. Биздин Ноокат райондук архитектурасынын кызматкерлери ушул айтылган аятка амал кылып, мечиттердин каттоо иштеринде биздин эч чоң жардамчыбыз болду. Мечит иштери боюнча качан, кайсы убакта кайрылсак жок дебестен, жумушубузду жеңилдетип жатышты. Дагы да ушундай сооптуу иштерде жардамчы боло бериңиздер», – деди Музаффар ажы Турдубаев.