«Умму Мухаммад» медресесинде жыл жыйынтыгы чыгарылып, мыктылар сыйланды

Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресеси жыл жыйынтыгын чыгарып, анын алкагында жылдын мыкты мугалими жана студенттери Алкыш баракчасы жана баалуу белектер менен сыйланды.

Иш-чарага медресе мүдүрү баштаган жалпы окутуучулар жана окуучулар катышты.

 «Ушул медреседе иштеп жаткан бардык устаттар жана Куран жаттап жаткан бардык студентибиз мыкты. Ошолордун ичинен ушул семестр ичинде окутууда жана окууда айырмалангандарды сыйлоону туура көрдүк», – деп билдирди медресе мүдүрү Кутман Орунбаев.