Жалал-Абад облусундагы медреселердин өрт коопсуздугу жана кышка карата жылуулугу текшерилди

Жалал-Абад облустук казыяттын окуу боюнча адиси Дилмурат ажы Орозов баштаган район-шаарлардын баш имам-хатибдери жана облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын өрткө каршы бөлүмү тарабынан облустук казыяттын карамагындагы медресе жана башка окуу борборлорунун өрт коопсуздугу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Анын алкагында кечээ, 30-декабрь күнү Жалал-Абад шаарындагы “Фалах” кыз-келиндер окуу борбору жана Сузак районундагы медресе жана окуу борборлор, Базар-Коргондо жайгашкан “Имам Термизий” медресеси, Ноокен районундагы “Арсланбап-Ата”, “Келечек-Чырагы” медресеси жана Аксы районундагы “Мухаммад амин”, “Аксы” медресеси, Таш-Көмүр шаарындагы “Амир Хамза” ислам институту болуп жалпы 14 медресе жана 12 окуу борборлору текшерилди. Текшерүү КМДБнын №351 буйругунун негизинде ишке ашырылды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында өрт коопсуздугунун талабына жооп бербеген диний окуу жайларга 2023-жылдын январь айындагы эс алуу учурунда кемчиликтерин жоюу талабы коюлду.

Белгилей кетсек, каникул аягында кайрадан текшерүү жүргүзүлөрү белгиленди.