Борбор калаадагы жалпы диний окуу жайлардын санитардык жана коопсуздук абалдары текшерүүдөн өттү

Бишкек шаардык мусулдарынын казыятында баш калаадагы жалпы диний окуу жайлардын санитардык жана коопсуздук абалдары текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлүп, комиссия курамына төмөнкүлөр кирди:

Темирбаев Талантбек – казынын орун басары, комиссиянын төрагасы;

Ахунбаев Ырысбай – Биринчи Май районунун баш имам-хатиби;

Аноркулов Мухаммад – Октябрь районунун баш имам-хатиби;

Кулуев Болот – Ленин районунун баш имам-хатибинин жардамчысы;

Муратов Камилжан – Свердлов районундагы «Жанбото ата» мечитинин имамы;

Сайпидинов Уланбек – Бишкек шаардык казыяттын катчысы.

Бишкек казыятына караштуу төмөндөгү 10 диний окуу жайлар текшерилди.

“Расул Акрам” атындагы ислам институту;

“Абдуллах ибну Масъуд” медресеси;

“Көлмө” медресеси;

“Имам Сарахси” атындагы медресе;

“Биринчи Кадам” медресеси;

“Кутайба бин Муслим” медресеси;

“Абу Бакр Сыдык” медресеси;

“Мааткабыл уулу Шаршенбай ажы” медресеси;

“Султан Акмат” атындагы медресе;

“Бишкек кыз Куран курсу” атындагы медресе.

Текшерүүдө негизинен санитардык абалга жакындан көңүл буруу, ар кандай жугуштуу оорулардан алдын алуу максат кылынды. Муну менен катар түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коопсуздук жааты көзөмөлгө алынары айтылды.

“Жалпысынан диний окуу жайлардын абалы жакшы, өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрмөлөр берилип, ар дайым электр мештерин, кондиционер, жылуу пол сыяктуу нерселерге өзгөчө көңүл буруу керектиги эскертилди”, – деди комиссиянын төрагасы Талантбек ажы Темирбаев.