Баткенде диний окуу жайлардын абалы текшерилди

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын тапшырмасына ылайык, Баткен облусунун аймагындагы диний окуу жайлардын абалы, кышка даярдыгы, өрт коопсуздугу, санитардык эрежелери текшерилип жатат.

Баткен облусунун Кадамжай, Баткен районундагы жана Кызыл-Кыя, Баткен шаарындагы медреселердин абалы текшерилди. Айрым медреселерде байкалган кемчиликтер боюнча эскертүү берилип, тез арада жоюу тапшырмасы берилди.

Биргелешкен текшерүү медреселерди карап чыгуу менен анда окугандарга шарт жаратып берүү максатталган. Ага кошумча билим алып жаткандардын коопсуздугу каралып, тазалыкты жолго коюу үчүн уюштурулуп жатат.

Текшерүү иштерин облус казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов жана КРнын ДИМК Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов, казыят эсепчиси Мурзабай Бердикуловдор ошондой эле район-шаарлардын баш имам хатибдери  жүргүзүштү.