Ат-Башыда 450 кишиге ылайыкталган жума мечити ачылды

Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында 450 орундуу жаңы мечиттин салтанатуу ачылышы болуп өттү. Ачылышка облус казысы Эрик Молдокулов, Ат-Башы районунун акиминин орун басары Болот Абдыжапаров, Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Гулзада Керималиева, Ат-башы районунун баш имам-хатиби Абдулло Тахиров, айыл аксакалдары жана тургундар катышты.

Облус казысы айыл тургундарын жаңы мечити менен куттуктап, мечиттин ички-тышкы тазалыгына аяр мамиле кылууга чакырып өттү. Ошону менен бирге  мечиттин бардык документтерин айыл имамына тапшырып берди.

Ачылыш аземинен соң облус казысы айыл эли менен алгачкы жума намазын окуду.

Белгилей кетсек, айыл тургундары эл-жерде, айылда ынтымак болсун деген тилек менен мечиттин атын “Ынтымак” деп атап коюшту.