Таластагы диний окуу жайлардын санитардык абалы жана өрттүн чыгуусунун алдын алуу боюнча текшерүү жүргүзүлдү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын №350 буйругунун негизинде  Талас облусундагы диний окуу жайлардагы санитардык талаптардын сакталышы  жана өрттүн чыгуусунун алдын алуу боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Иш-чарага Талас шаарынын   санитардык-эпидемиологиялык борбордун кызматкерлери Жакып Айдаров,  Нуржан Базарбаев, облус казысынын орун басары  Өмүрзак ажы Абдысамат уулу катышты.

«Облус аймагындагы бардык диний окуу жайларды дыкат текшерүүдөн өткөрүп, коопсуздук эрежелерин карап чыктык. Муну менен катар тазалыгына көңүл буруп, балдардын өмүрү менен ден соолугу маанилүү экендиги эскертилди»,-деди облус казысынын орун басары.

Ошондой эле диний окуу жайлардын билим берүү багыты, окуу китептери жана бардык түзүлгөн шарттар текшерүүдөн өттү.

«Казыяттын пландуу иштеринин алкагында диний окуу жайлар текшерүүдөн өтүп турат. Окуу программалары, китептер жана балдар үчүн түзүлгөн шарттар каралып, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан бекилген бирдиктүү окуу программасына көңүл бурулат»,-деди Өмүрзак ажы Абдысамат уулу.