Нарында 3 күндүк окуу жыйынтыкталды

Нарын облустук казыятынын демилгеси менен Аалымдар кеңешини мүчөлөрү Нарын облусундагы имамдарга 3 күндүк сабак өтүштү. Тактап айтканда, Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары, КИУнун ага окутуучусу Кенжетай ажы Курманходжаев жана Женишбек ажы Курбанов ханафи мазхабын туура кармануу, матуриди акыйдасы боюнча имамдардын билимин жогорулатууга багытталган сабак беришти. Бул сабакка Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын райондорунан жана Нарын шаарындагы имамдар катышууда.

Үч күндүк окутууда имамдар тарабынан суроолор берилип, жооптор алынды. 

«Чакыруубузду кабыл алып, Нарынга келген аалымдарга ыраазычылык. Мындай саамалыкты жыл сайын жыл башында уюштуруп турууга аракет кылабыз», – деди облус казысы Эрик Молдокулов.

Белгилей кетсек, 7-январда башталган бул сабак бүгүн, 9-январь күнү жыйынтыкталды.