Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги Кыргызстанга 6000 квота бөлүп, 2022-жылдагы ажылыкты жакшы уюштургандыгын белгиледи

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары доктор Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушуп, 2022-жылдагы ажылык сапарын талкуулашып, андагы жетишкендиктерге токтолушту. САПтын ажылык министринин орун басары Кыргызстан 2022-жылы ажылыкты жакшы уюштургандыгын белгилеп, быйылкы жылы дагы бардык талаптар аткарылат деген тилектештигин айтты.

Тараптар андан соң 2023-жылдагы ажылык ишин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюшуп, САПтын ажылык министрлиги Кыргызстанга 6000 квота берилгендигин билдирди. Муну менен катар САПтын ажылык министринин орун басары эгерде COVID-19 сыяктуу жугуштуу оорулар чыга турган болсо квота кыскартылып, чектөөлөр кирип калуусу мүмкүн экендигин эскертти.

Аталган жолугушууга Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, КР Жарандык авиация агенттигинин өкүлү Тимур Аскаров, КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев жана ажылык-умра бөлүмүнүн адиси Дастан Нукунов катышууда. Алар Сауд Араб Падышачылыгын ажылык министрлигинин чакыруусу менен 8-январда ыйык Мекке шаарына жөнөп кетишкен.

Эскерте кетсек, 2019-жылдан бери ажылыктын электрондук базасында 4313 жаран кезекте турат.