Нарын казыяты мэрияга 16 даана таштанды урнасын тапшырды

Бүгүн, 9-январь күнү Нарын облустук казыяты Нарын шаардык мэриясына 16 даана таштанды урнасын тапшырды. Тактап айтканда, жол боюнда таштанды ташталчу кичи урналарды жасатып, шаар мэри Канболот Тутуевге тапшырып берди. Казыяттын мындай демилгесине ыраазычылык билдирген шаар мэри Нарын казыятынын жалпы жамаатына ийгиликтерди каалап өттү.

Эскерте кетсек, Нарын облустук казыяты шаар мэринин өтүнүчү менен шаарды жарыктандыруу максатында казыяттын тосмолорун түнкү шам чырактар менен камсыздап чыккан. Ошону менен катар жаз мезгилинде көчөт отургузуу сыяктуу жашылдандыруу иш-чарасына да жигердүү салымын кошуп келет.