Белгилүү дин аалымы Кудайкул молдонун каза болгонуна байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы көңүл айтты

Молдо Кудайкул Совет доорунда коммунисттердин кысымына карабай, шарият илимин окуган тайманбас, ыкласман инсан болгон. Фикх илими менен биргеликте нахв, тафсир илимдерин терең өздөштүргөн жана замандаш аалымдарынын арасынан алдыга озуп чыгып, көптөгөн шакирттерди чыгарууга жетишкен. Тарбиялаган шакирттери жана перзенттери мамлекеттик жана диний мекемелерде жогорку кызматтарда ийгиликтүү иштеп жатышат…

Кыргызстанда ислам дининин жайылуусуна өтө чоң салым кошкон пайгамбарыбыздын дагы бир мураскорунан айрылдык. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин бардык мүчөлөрү маркум дамылабыздын үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына көңүл айтабыз жана аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Молдо Кудайкул дамылланын ислам дини үчүн жасаган эмгектерин Алла Таала кабыл кылып, аалымдар үчүн убада кылган Фирдаус бейишинен орун берсин.

Аалымдар Кенешинин төрагасы Абдиманап кары Масалиев