Кара-Кулжа районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кийим-кечектер тапшырылды

Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаевдин демилгеси менен РФнын Якутия шаарында эмгектенген мигранттар тарабынан 200 миң сомдук кийим-кечелер жөнөтүлдү. Жөнөтүлгөн аманаттар мүмкүнчүлүгү чектелген, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылып берилди.

“Аллах Таала Куранда: “Жакшылык иште бири-бириңерге жардамдашкыла”, – дейт. Үстүбүздөгү кыш мезгили өтө суук болуп жатат. Кыйынчылык башка түшүп турган күндөрдө колубуздан келишинче бири-бирибизге жардам берип турушубуз керек.  Бул жакшылык иштерге себепчи болгон жана салым кошкон мекендештерибизге ыраазычылык билдиребиз”, –деди Дастан ажы Мамаев.