Сүлүктүдө ысырапкорчулукка каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Сүлүктү шаарынын баш имам-хатиби Алимухаммед ажы Мийзамидин уулу жана жалпы дин кызматкерлери Сүлүктү ШИИБдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү, жашы 18 ге жете электерге никеге турууга жол койбоо жана ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

«Ысырапкерчиликке жол бербөө, экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү багытында укук коргоо кызматы менен биргеликте иш алып барып жатабыз. Буюрса жакшы натыйжалар болот», – деп билдирди Сүлүктү шаарынын баш имам-хатиби Алимухаммед ажы Мийзамидин уулу.