Кара-Суу районунда жооптуу имамдарга жыйын болуп, иши начар имам жумуштан алынды

Бүгүн, 24-январь күнү Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров райондун жооптуу имамдарына жыйын өттү. Жыйындын жүрүшүндө жооптуу имамдар бир жыл ичинде жасаган иштери боюнча отчёт тапшырып, жаңы 2023-жылга карата аткарылчу иштер боюнча маалымат беришти.

Андан соң нике каттоо журналына көңүл буруу маселеси каралып, айрым имамдарга эскертүүлөр берилип, алгылыктуу иш жүргүзбөгөн бир имам жумуштан алынды. Аны менен катар өткөрүлгөн иш-чараларды өз убагынан кечиктирбей хатибиятка жиберүү тапшырмасы берилди.

“Нике каттоо журналына катуу көңүл буралы, анткени бул имамдардын кызыкчылыгы үчүн иштейт. Көңүл коштук кылып журналга каттабай койсоңуздар, кокустан көйгөй жаралып калса жоопко тартылып каласыздар. Ошондуктан ар бир нике катталууга тийиш”, – деди Абдирашит ажы Батыров.