Ош облусунун казысы Ош ОИИБнин жетекчиси Ж. Жоробеков менен жолугушту

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев жана КР ДИМК ТАБнын башкы адиси Фурхатбек Адилбек уулу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков менен жолугушту. Жолугушунун алкагында тараптар үстүбүздөгү 2023-жыл ичинде беш тараптуу иш-пландагы мерчемдер боюнча кеңешип, имамдардын сабаттуулугун арттыруу жана диний объектилердин коопсуздугун жакшыртуу боюнча пикир алышты.

Жеңишбек Жоробеков жума окулуучу жана эл көп топтолгон диний объектилердин коопсуздук маселеси жогорку деңгээлде болушу керектигине токтолуп, мүмкүн болушунча ал иштерди тездетүүнү сунуштады. Аны менен катар имамдардын диний жана дүйнөбий билимин жогорулатуу маселеси да талкуланды.

Жолугушуунун соңунда жогоруда аталган маселелерди чечүүдө эки тараптуу иш алып баруу, зарыл учурда биргеликте аракеттенүү жана мониторинг жүргүзүү макулдашылды.