Жалал-Абадда диний окуу жайлардын абалы талкууланды

Жалал-Абад облустук казыятынын жыйындар залында КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков, казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Дилмурат ажы Орозов жана облус аймагындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнүн катышуусунда конференция  болуп өттү.
Жыйында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин №4 буйругунун негизинде диний окуу жайлардын өрт коопсуздугу жана санитардык абалына тыкыр көзөмөл жүргүзүү боюнча сөз болду. Өзгөчө кыш мезгилинде жылуулук системасындагы электр чубалгылардын кесепетинен келип чыгуучу өрттөн сак болуу маселеси баса белгиленди.
Андан сырткары Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин чечиминин негизинде диний окуу жайларда матуриди акыйдасын терең окутуп, аны жайылтуу максатында окутуучулардын квалификациясын жогорулатып, сертификат тапшыруу боюнча да талкуу жүргүзүлдү.
Айта кетчү жагдай, КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов Жалал-Абаддагы диний окуу жайлардын санитардык абалын жана коопсуздук боюнча шарттарын текшермекчи.